7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

246

Ысык-Көл облусунда опузалап акча талап кылганга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-февраль күнү Элдияр аттуу бала өзүнүн эки таанышы менен Түп районунун Шаты айылынын 32 жаштагы тургунуна келишип, опузалоо жолу менен андан 410 миӊ сомун жана 2 миӊ долларын тартып алышканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 203-берене «Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Издөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү адамдардын аты-жөнү аныкталган. Алар ИИМдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ыкчам каттоосунда турушкан Чолпон-Ата шаарынын тургундары 22 жаштагы Э.Э. жана 29 жаштагы Ш.Р., ошондой эле Талас облусунун тургуну 24 жаштагы Р.А. болуп чыгышты. Тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүүлөрдүн жүргөн жерлери аныкталып, ошол жерден колго түшүрүлдү. Опузалап акча талап кылууга шектелип кармалышкандар соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

247