7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК:«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери кармалды

287

2021-жылдын 10-февралында УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалынын директору Т.А.К. жана көрсөтүлгөн мекеменин жетектөөчү адиси М.Р.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, директор Т.А.К., жетектөөчү адис М.Р.А. менен жең ичинен сүйлөшүп алышып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуп, Жабык акционердик коомдун директорлорунун бирине жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны мыйзамсыз даярдашканы аныкталды.

Жогоруда аталган адамдардын атайылап жасаган кылмыш иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке 2,2 миллион сомдон ашык суммага зыян келтирилген.

Ошондой эле УКМК М.Р.А. жана Т.А.К. карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун башка фактылары боюнча 11 кылмыш иши тергелип жатат.

Кармалган Т.А.К. жана М.Р.А. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралары улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

288