Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жыл жыйыныгын чыгарып кеңейтилген курамда коллегия өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматты маалымдады. . Коллегияны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев ачып, 2020- жыл ичинде жасалган иш аракеттер жана 2021 – жылы жасала турган приоритеттүү багыттарга токтолду.Кеңейтилген коллегияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарынын өкүлдөрү, министрликтин борбордук аппараты, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр, мекеме жетекчилери, өлкө сыймыгы болгон маданият жана спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты. Анда 2020- жылы дүйнө жүзүн каптаган короноврус инфекциясынын улам бир катар маданият иш- чаралар өтпөй калгандыгы айтылып, бирок ага карабастан, Министрлик бир катар иш-чараларды онлайн форматта өткөрүп, маданий иш-чаралардын деңгээли жана сапаты түшкөн жоктугу айтылды. Пандемия шартында маданий мекемелер карантинге жабылганы менен кесиптик искусствону өнүктүрүү, китепкана, музей, театр, тарыхый маданий мурастар жана эл аралык байланыштар тармагынын иштери онлайн жана аралыкта үзгүлтүксүз иш алып баргандыгы баса белгиленди.
Дагы оку
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун
Бүгүн, 24-июнда, Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Нарын районунун тургундары менен жолугушту. Жашоочулар
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Нарын районунун активи жана тургундары менен
«Менин шаарым» мобилдик тиркемесинин колдонуучулары эми шаарлар аралык жүргүнчү ташуу каттамдарына электрондук билеттерди онлайн режиминде брондоп жана сатып ала алышат.
УКМК Ош облусунда чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирүүсүн уюштуруп келген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Атайын кызматтын маалыматына
«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2026-жылдын 26-июнунан тартып Ош-Тамчы- Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды кайрадан жандантат. Бул тууралуу «Манас Эл Аралык Аэропорту»







