7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Премьер-министр Улукбек Марипов жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү боюнча селектордук кеңешме өткөрдү

226

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү боюнча селектордук кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда өкмөт башчы белгилегендей, быйылкы жылы жаз мөөнөтүнөн эрте келди жана айрым жер тилкелеринде жазгы-талаа иштери жүргүзүлүүдө.

«Жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү алкагында фермерлерди сапаттуу үрөн менен камсыздоо, айыл-чарба техникасы жана аны оңдоо маселесин чечип, дизелдик майга баанын өсүшүнө жол бербөө менен күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо, ирригациялык жана гидротехникалык жайларды даярдоо зарыл.

Суунун жетиштүү коруна байланыштуу сугат суу менен маселе жаралбашы керек. Фермерлерди күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо максатында Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен активдүү өз ара аракеттешүү зарыл», — деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр келечекте айыл чарба өсүмдүктөрүнүн белгилүү түрү гана басымдуу болуп, аны сатууда көйгөйлөр жаралбашы үчүн фермерлерге так маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

«Айыл чарбасында алдыңкы технологияларды активдүү ишке киргизүү маанилүү. Кеп тамчылатып сугаруу, күнөсканалар, жаңы жабдууларды сатып алуу, сугат суу көйгөйлөрүн чечүү, иштетилбей жаткан аянттарды ишке киргизүү тууралуу жүрүүдө. Өткөн жылы республика боюнча 56,6 миң гектар жер иштетилбей калган. Быйылкы жылы биз ал көрсөткүчтү 7 миң гектарга кыскартууга ниеттенип жатабыз», — деп кошумчалаган Марипов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

227