7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүйүү күнүн белгилейсизби? Атактуулардан жооп

372

Бүгүн, 14-февраль сүйүшкөндөр күнү. Бул майрам христиандар үчүн өтө ыйык майрамдардын бири болуп эсептелинет. Ал эми махабат майрамы биздин замандын III-кылымынан тартып белгиленип келет деген маалыматтар бар. Рим императору Клавдий «эркектер үй-бүлөсүнө алаксып, аскерге баруудан баш тартып жатат», — деген жүйө менен жигиттерге үйлөнүүгө тыюу салган. Бирок, сүйүүнүн күчү керемет демекчи чиркөөнүн кызматкери Валентин императордун буйругуна каршы чыгып, өзүнүн чиркөөсүндө жашыруун нике кыюууну уланта берген. Көп өтпөй чиркөө кызматкерлерин бул жоругу императоруна жетип, бул кылган чыккынчылыгы үчүн дал ушул күнү 14-февралда Валентинди өлтүрткөн. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин 14-февраль сүйүү күнү деп белгиленип, эки адамдын ак сезимдери даңазаланып келет. Азыркы учурда бул майрамды бир гана христиандар эмес, мусулмандар да майрамга айлантып алганы бар.

Ал эми майрамга карата 7tv.kg сайты атактуулардан «Сиз сүйүү күнүн белгилейсизби?», — деген суроого жооп алды.

Кызсайкал Кабылова ырчы

Мен белек алганды жакшы көргөндуктөн бул майрамды жыл сайын күтөм. Деги эле бул майрамга көз карашым түз эле. Бүгүнкү күнгө карата алгачкы белектерден болуп шириндиктерди алдым. Эгерде ким мага эмне белек берүүнү билбей жатса атырларды жакшы көрөм деп сырды ачып койойун. Ал эми сүйүшкөндөрдү чын жүрөктөн майрамы менен куттуктайм. Ар дайым жүрөгүңүздөдө сүйүү жашасын.

Ильгиз Абдалиев ырчы

Бүгүн айылда ата-энебиздин жанында болгондугубузга байланыштуу жубайымды куттуктай элекмин. Бирок былтыр ушул күнү келинчегимди куттуктап, өзүнө жакан кийимдер менен кубанткан элем. Негизи эле 14-февралды өзүм үчүн эмес, келинчегимди кубантуу үчүн майрамдап турам. Буйруса, бүгүн кечинде да жубайымды концертке алып барып майрамдатам деген планым бар.

Нурлан Насип ырчы

Мен жеке өзүм бул майрамга анчейин деле маани берип, күтпөйм. Анткени бул күн биздин менталитетке туура келбейт деп ойлойм. Деген менен эрте туруп Аселди майрамы менен куттуктап койдум. Бирок белек бере элекмин. Жыл сайын бул күнү концерттер менен башка региондордо болот элем. Ал эми быйыл шаарда үй-бүлөмдүн жанындамын. Менимче сүйүктүүмө менден артык белек болбосо керек (күлүп).

Айзада Жамгырчиева телеалыпаруучу, ырчы

Мен бүгүн бул күндү майрамдабайм, концерт алып барып кадимки жумуш күнүмдөй өткөзөмүн. Анткени, учурда сүйүктүүм жок. Негизи тирүүлүктүн өзү майрам деп ойлойм. Андыктан, башкаларга да таңуулагым келбейт. Менимче 14-февраль белек берип же алуу үчүн гана белгиленген ыңгайлуу күн болсо керек. Эгерде сүйүктүүм пайда болсо кийинки жылы сөзсүз майрамдайм (күлүп)

Съездбек Искеналиев ырчы

Биздин үй-бүлө үчүн ар бир күн сүйүү майрамы. Андыктан биз бул күндү күтүп деле майрамдай бербейбиз. Бойдок кезде майрамдайт болчубуз. Ал эми, бүгүн конок тосуугай даярданып жатып, майрам тууралуу унутуп деле калыптырбыз

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

373