7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ооганчы-жоокерлерди куттуктады

323

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Өз кайрылуусунда жылдын 15-февралында ооган жериндеги согушта курман болгон интернационалист жоокерлерди эскерүү күнү белгиленип келгенин, ооганчы-жоокерлер бүгүн да өзүнүн жарандык милдеттерин ар-намыс менен аткарып, өлкөнүн өнүгүшүнө салымын кошуп келе жатышканын белгилеген.

«Урматтуу афган согушунун катышуучулары! Кайратмандыгы, эрдиги жана каармандыгы үчүн эки жүз миңден ашык жоокер, жумушчу жана кызматчы СССРдин орден, медалдары менен сыйланган. 66 аскер кызматкери Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгон. Алардын ичинде биздин эки жердешибиз Сергей Гущин менен Юрий Исламов да бар» , — деди Жапаров.

Ошондой эле ал бардык интернационалист ардагерлерге, алардын туугандарына жана жакындарына бекем ден соолук, бакубат турмуш жана ийгиликтерди каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

324