7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абакта жатып телефон аркылуу миллиондорду чогулткан кылмышкерлердин бети ачылды

502

Акыркы учурларда эркиндигинен ажыратылган жайларында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын катыштыгы бар телефон алдамчылыгы көп катталып, алар жарандардын ишенимине кирип, таанышы же тууганы болоорун, кырсыкка кабылгандыгын айтып, ар кандай шылтоолор менен акча каражаттарын алдап котортуп алышууда. Ошондой эле өздөрүн жогорку кызматтагы адам катары тааныштырып, ар кайсы мекеменин жетекчилерине чалышып, ар кандай максаттарда жардам көрсөтүү талаптарын айткан учурлар дагы жок эмес.


Ошондой көптөгөн алдамчылыктардын бири Чүй облусунун Сокулук РИИБде тергелип жатат. ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бул иштин үстүнөн иштеп жатып, кезектеги телефон алдамчылыгынын бетин ачышты. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаза өтөө мекемесинде жүрүп, телефон алдамчылыгы менен алектенип жүргөн мурда бир нече жолу соттолгон 1995-жылы туулган М.уулуР.дин тиешеси бар олутту чыгымга алып келген алдамчылык аракетин аныкташып, бетиш ачышты. Алданып калгандардын ичинде ишкерлер дагы бар.


2020-жылы жогоруда көрсөтүлгөн жаран бир нече жүз миң сом турган көп тоннадагы буудайдын акчасын алып, ишкерлерге олуттуу зыян алып келген. Телефон аркылуу алдап жүргөн шылуун абройлуу компаниялардын биринин атынан чалып, буудайды сатуу-сатып алуу боюнча соодагерлер менен макулдашкан. Жүк ташуучу унаага товарды жүктөп бүтүшкөндө, сатып алуучунун (алдамчынын) талабы боюнча акча которулган, андан соң анын телефону ошол замат өчкөн. Бардыгы териштирилгенден кийин маалым болгондой, сатуучу менен сатып алуучу бири-бири менен эмес эле телефон алдамчысы менен сүйлөшүп жүрүшкөндүгү аныкталган. Акча каражатын ал шылуун көрсөткөн эсепке которушканы аныкталган.


ИИМдин Криминалдык милиция кызматы Сокулук жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте татаал жана жоопкерчиликтүү ишти аягына чейин алып барышып, бир нече алдамчылык фактыларын аныкташты. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында ар кандай номурлардан чалуулар ЖАМКтын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан М.уулу Р.ден келгенин такталган. Андан сырткары ал өзүнүн таанышы (аял киши) М.А. дагы бир нече жолу чалганы белгилүү болгон. Тергөө убагында ыкчам кызматкерлер тарабынан ал аял кишиден “АЙФОН 11” телефону алынып текшерилген. Түзөтүү мекесиндеги соттолгон адамга бул М.А. атту жаран барып турган, акча каражатын банктык эсептен алууга дагы жардам берип жүргөн.


Андан ары жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2019-жылы Бишкек шаарында жана Ысык-Ата районунда дагы ушундай бир нече алдамчылык фактылары катталганы маалым болуп, укук бузууларга М.уулу Р. атту жарандын тиешеси бар экендиги аныкталды. Телефон аркылуу алдап жүргөн шылуундар Ысык-Ата районундагы ишкердин ишенимине алдоо жолу менен кирип, олуттуу чыгымга учуратышкан. 3000 кг. кумшекерди сатып алуу шылтоосу менен сатып алуучуга жана сатуучуга телефон чалышып, аларды ишендиришип, башка эсепке акча котортуп, алдап кетишкен. Ушундай эле факты 2020-жылы июлда бул райондо дагы катталып, телефондук сүйлөшүү аркылуу ишкердин ишенимине кирип, 250 000 сомдук материалдык чыгымга учураткан. 2020-жылдын август айында белгисиз адамдар дагы бир ишкердин ишенимине кирип, 30 тонна арпаны сатуу шылтоосу менен 255000 сом акча каражатын которутуп алган. Анын натыйжасында ишкер олуттуу материалдык чыгымга учураган.


Андан сырткары анын башка алдамчылык фактылары аныкталган. Ысык-Ата районунун жашоочусуна телефон чалышып, күйөө баласы жол кырсыгына учураганын айтышып, ошол боюнча маселени чечүү үчүн деп 40 000 сом которууну суранышкан. Ушул эле райондун башка жашоочусуна телефон чалышып, аферистер 35 000 сом котортушкан.
Бирок, тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аныкталгандай, жаран М.уулу Р. 2021-жылдын январь айынын ортосунда мунапыс боюнча эркиндигинен ажыраткан жайдай бошонгондугу маалым болгон. Ал ЖАМКтын Москва районундагы түзөтүү мекемелеринин биринде мурда жасаган кылмыш иши үчүн жазасын өтөп жаткан.

Аныкталган укукка каршы аракеттердин негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогорудагы жаран кармалды. Соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Телефон алдамчылыгынан жабыр тарткан айрым жарандар ички иштер органдарына кайрылып, арыз жазуудан баш тартышат. Себеби бул окуя ачыкка чыгууну каалашпайт. Айрымдар болсо, олуттуу материалдык чыгымга учураткандарга карата мыйзам чегинде чара көрүү үчүн милицияга кайрылышат.

  • Мындай фактыларга дуушар болуп калбаш үчүн Кыргыз РеспубликасынынИИМдин Криминалдык милиция кызматы жарандарга, ишкерлерге телефон алдамчылыгынан сак жана этият болууга чакырат. Жакындарыңар кырсыкка учурагандыгы жөнүндө белгисиз адамдар чалып, акча которууну сунушташса, биринчи ошол жакын адамыңызга, же анын жакындарына чалып кабар алыңыз. Акча каражатын белгисиз адамдарга которбоңуз.
  • Айрым учурда кылмышкерлер баалуу белектерди утуп алганын айтып, утууну алыш үчүн акча каражатын которууну сунушташат. Себебин салык, бажы төлөмдөрүн, транспорт чыгымдарын төлөө керектигин айтышат. Мындай алдамчылыкка ишенбеңиздер.
  • Эч качан банктык картанын, эсептин номурун, жана ушуга байланышкан сыр белгилерди башка адамдарга айтпаңыздар. Уурулар банктан чалып атабыз деп түрдүү шылтоо менен банктык картанын жашыруун коддорун сурашы мүмкүн.
  • Телефон алдамчылыгынын белгилерин байкаган учурда телефон чалган адамдын толук аты-жөнүн, кызмат ордун, сүйлөшүүнү жазып алгыла. Маалыматты расмий булактардан тактап алыңыздар.
  • Телефон чалган учурда акча которуу талаптары айтылса ички иштер органдарына кайрылыңыздар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

503