7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылган эл бүгүн да чогулушту

259

Бүгүн, 16-февралда чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылган эл өкмөт үйүнүн алдына кайрадан чогулушту. Алар бийлик тараптан кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек ара маселелерине олуттуу карап, туура кадам ташташын үмүттөнүшүүдө.

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Капчыгай айылынын күн чыгыш тарабындагы 40 гектардын тегерегиндеги жайытты тажик аскерлери 8-февралдан баштап кайтарууга алып, жергиликтүү тургундарды киргизбей койгон.

Ал эми тургундардын айтымында, алар аталган жерде электр мамычаларын орнотуп, курулуш иштерин жүргүзүп жатышат. Ал эми Көк-Таш айылынын кире беришиндеги чек ара тилкесине тажик тарап көчөт отургузуп баштаганын жергиликтүү тургундар видеого тартып, бийлик буга тез арада чара көрүүсүн талап кылган. Бул боюнча өкмөт тараптан уруксат бар экенин, мындан улам кыргыз чек арачылары чара көрө албасын айтып, кабатырлануусун билдирген.

Нааразылык акциянын катышуучулары Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагына караштуу Кош-Болот айылында Кыргыз-Өзбек чек арасында абал курч экенин билдирип, өзбек чек арачылары болжол менен 130 гектар жайытка кирип келип, зым тартуу иштерин баштаганын айтышты. Бирок элдин үнүн бийлик укпай келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

260