Москва районунун Ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жала-Абад облусунда мал уурулук кылган жаранды колго түшүрүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Москва РИИБнин ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде, Петровка айылынын көчөлөрүнүн биринде токтоп турган автомашинаны тинтүүгө алышкан, натыйжада ичинен эт табылган. Айдоочунун өздүгүн тактоо иш аракеттеринде анын Жалал-Абад облусундагы ири мал уурулукка катыштыгы бар экендиги аныкталган.
Милиция кызматкерлеринин алдын-ала версиясы боюнча, шектүү Жала-Абад облусунда мал уурулук менен алектенип, малдын этин Бишкек шаарына жүктөп келип сатууга аракет кылган. Учурда өздүгү такталган 1991-жылы туулаган Х.О. аттуу жаранга карата кылмыш иши козголду.
Учурда милиция кызматкерлери автоунааны айып төлөөчү жайга жайгаштырышты, ал эми айыпталуучу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүп берүү үчүн Москва районунун Ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.
