7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция Жалал-Абад облусунда профилактикалык иштерди улантууда

397

Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун жана ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан профилактикалык жумуштар улантылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Токтогул РИИБи тарабынан «Лидер» аталышындагы иш-чара уюштурулуп, мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлдү. Мектеп рекетчилигин жана топтошуп мушташууларды болтурбоо багытында чоң класстардын окуучулары менен маектешүүлөр орун алды. Аларга терс көрүнүштөрдөн алыс болуу жана жол эрежелерин сактоо керектиги эскертилди.


Ал эми Сузак жана Тогуз-Торо РИИБдеринин кызматкерлери тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте милициянын көчмө кабылдама унаасы менен айыл аймактарды кыдырууларды улантып жатышат. Алар жергиликтүү тургундардын арыз-даттанууларын жана сунуштарын жеринде кабыл алышууда. Милиция кызматкерлери айыл элин өз малдарына сак болууга жана ар дайым көзөмөлдөөгө чакырышууда. Ошондой эле интернет тармагындагы такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө жана башкаларга таратпоого, бөлүшпөөгө үндөшүүдө.


Сузак РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасы жыл башынан ушул күнгө чейин 20 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 25 кайрылуу кабыл алган. Ал эми Тогуз-Торо РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасы райондун эң алыскы айылдарына чейин 17 ирет барып, ар түрдүү мазмундагы 49 арыз-даттанууларды жана сунуштарды кабыл алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

398