7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндө 3 жаштагы бала өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн

222

Ош облусунун Өзгөн районунда жол кырсыгынан каза болду деген 3 жаштагы наристе киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталды. Бул тууралуу 7tv.kg сайтына Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Маалым болгондой, 17-январь күнү саат 14:30 чамасында Өзгөн райондук ИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагына караштуу Кара-Дарыя айылынын тургуну, 3 жаштагы Ш.Ф. денесинен жараат алып Өзгөн райондук аймактык ооруканасына келип түшкөндүгүн жана алган жараттан улам каза болгондугу тууралуу дарыгерлер кабарлаган. Бул окуяда кылмыштын курамы байкалгандыгына байланыштуу, ошондой эле күбөлөр каза болгон жаш баланы белгисиз автоунаанын айдоочусу сүзүп кетип, талаага таштап кеткен деген маалыматтарды беришкен.

«Тергөөнүн жүрүшүндө 17-январь күнү саат 09:00 чамасында Өзгөн районунун Кара-Дарыя айылынын тургуну, 15 жаштагы М.А. айылдашы 3 жаштагы баланы өзү жашаган айылдын түштүк тарабындагы талаага анын өмүрүн кыюу максатында ээрчитип алып барып. Эч ким көрбөгөн жерге алып кирип, муштуму менен жабырлануучуну урганда ал эс учун жоготуп жатып калган. Андан кийин башын таш менен чаап, өсүп турган камыштын арасына ыргытып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Мындан сырткары, шектүү жактоочу жана мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу менен окуя болгон жерди көрсөтүп берген. 15 жашар шектүү кылмышты 3 жашар маркум бала аны уят сөз менен сөккөндүктөн кыжыры келип ушул жолго барганын айтып берген. Кылмышка шекүү Өзгөн шаарындагы мектептердин биринде 9-класста окуйт. Ата-энеси бар. 3 бир туугандын улуусу. Жашоо шарты орточо. 15-февраль күнү шектүү Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда», деп билдирет басма сөз кызматы.


Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

223