
Венгриянын жогорку окуу жайларына кабыл алуу сынактары өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Ильгиз Султан билдирди. Маалым Сынактар компьютердик тест аркылуу ишке ашып, адамдык фактор жоюлган.
- Талапкерлер тесттин жыйынтыгын компьютерден тест бүткөн соң дароо көрө алат. Ошондой эле жыйынтыктар онлайн форматта ачык шилтеме http://test.ncokoit.kg/infoo.php аркылуу көрсөтүлөт.
- Жалпы жыйынтык бүгүн (17.02.2021) министрликтин расмий сайтына 00.00 чейин салынат.
Эске салсак, Венгрия быйыл Кыргызстан үчүн жалпы 150 орун берди.