7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сутка ичинде COVID-19 илдети 70 адамдан аныкталып, 1 бейтап каза болду

237

Бир сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда коронавирус инфекциясы 70адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Вирустун жаңы табылган учурлары төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек шаары — 26
  • Чүй облусу — 17
  • Ош облусу — 6
  • Нарын облусу — 3
  • Ысык-Көл облусу — 10
  • Жалал-Абад облусу — 3
  • Талас облусу — 2
  • Баткен облусу — 3

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан – 2, үй карантининен — 4 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4201 учур катталды, алардын ичинен 4132 медкызматкер сакайды.

Акыркы суткада 73 бейтап COVID-19 илдетинен сакайып чыкты:

  • Бишкек шаары — 34
  • Ош шаары — 1
  • Чүй облусу — 22
  • Нарын облусу — 4
  • Ысык-Көл облусу — 9
  • Жалал-Абад облусу — 2
  • Баткен облусу — 1

COVID-19 илдетинен 1 бейтап каза тапты.

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 85 689кө жетти. Анын 82 525и сакайып чыкса, 1447 бейтап каза тапты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

238