7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Новиков: Менчиктин кайсы түрү болбосун билим берүү мекемелери көзөмөлгө алынат

253

Вице премьер-министр Артем Новиков бүгүн, 18-февралда мамлекеттик тийиштүү органдарга 14 жашка чейинки балдардын саламаттыгын көзөмөлгө алууну тапшырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Бишкек мэриясы жана Билим берүү, илим министрлиги менен чогуу бала бакчаларга, мектептерге барып, билим алып жаткан балдардын саламаттыгын текшерип, оорунун белгилери билинсе коронавируска карата ПЧР анализ алуу планы иштелип чыгышы керек.

Артем Новиков балдар арасында сасык тумоо, пневмония жана Кавасаки синдромуна окшош оорулардын көбөйүүсү коомчулукта кооптонууларды жаратып жатканын баса белгиледи.

«14 жашка чейинки балдар боюнча медициналык маалымат кампасын чогултуп, күнүгө сасык тумоо менен пневмониянын эсебин алып туруш керек. Менчиктин кайсы түрүнө карабай, бардык билим берүүчү мекемелер ар бир бала тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Мектеп жана мектепке чейинки мекемелер азыр жарым жартылай аралыктан иштеп жатат, COVID-19 вирусуна толук кандуу анализ жасалмайын аларды жапырт ачуу тууралуу сөз кыла албайбыз», -деди Артём Новиков.

Ошондой эле вице премьер-министр балдарды сасык тумоого каршы ыктыярдуу эмдөөнү уюштурууну мамлекеттик жана менчик медициналык мекемелер аткарышы керек деди.

Кыргызстанда январь, февраль айларында пневмония, сасык тумоо менен ооруган балдар көбөйгөн. Акыркы маалыматтар боюнча Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 150дөн ашуун бала пневмония менен ооруп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

254