Дзюдо боюнча улуттук курама команданыны мүчөсү Эрлан Шеров Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыкты.
Спортчу 90 кг склмак даражасында беттешти. Ал алгач Кытайлык спортчуну 1:0 эсебинде, чейрек финалда Ливандык атаандашын 10:0 эсебинде жана жарым финалда БАЭлик спортчуну жеңип финалга жолдомо алды.
Белгилей кетсек, финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:00до болот. Түз эфирди биздин баракчадан жана УТРК Спорт каналынан көрсөңүздөр болот.