7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: «Баткендеги барымтага алуу тууралуу маалымат фейк»

431

Социалдык тармактарда тажик күч түзүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышы жана аларды барымтага алынышы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт жана фейк болуп эсептелинет.

Бул тууралуу УКМК төмөнкүлөрдү билдирди.

«УКМК Чек ара кызматы 2021-жылдын 16-февралында Кыргыз өлкөсүнүн 5 жараны Тажикстандын аймагында мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалгандыгын маалымдайт.


Такталгандай, Кыргыз өлкөсүнүн беш жараны Тажикстандын аймагынан мыйзамсыз түрдө 900 килограмм металл, 2 баш бодо мал жана 3 баш майда малдарды ташып кетүүгө аракет кылып жатып, Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан мыйзамсыз өтүп жаткан учурунда кармалган.


Бул жарандарга карата тажикстандык күч түзүмдөрү тарабынан тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.
Учурда бул жарандарды мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Учурда Мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесиндеги абал азырынча туруктуу деп мүнөздөгө болот», — деп айтылат мекеменин маалыматында

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

432