7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов алгачкы жолу күтүүсүз текшерүүсүн баштады

231

Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунун бирине пландан тышкаркы текшерүү менен барды.

Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышууда премьер-министр белгилегендей, жакын арада Бишкек шаарынын борборунда жаңы Калкты тейлөө борбору ачылат жана ал мурдагы «Эльдорадо» соода борборунун имаратында жайгашат.

Белгилей кетсек, аталган соода борборунун имараты буга дейре мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилген. Кызматкерлер такталып, тийиштүү жабдуулар орнотулган соң, мында жаңы Калкты тейлөө борбору ачылып, Ички иштер министрлигинин жана Коргоо министрлигинин линиясы боюнча бардык маалымдамалар берилип, кеңири кызмат көрсөтүлмөкчү.

Аталган Калкты тейлөө борборуна барууда премьер-министр Бишкек шаарында жана жалпы республика боюнча тейлөө борборлорунун санын жогорулатууну, ошондой эле бардык калкты тейлөө борборлорунда кезек күтүүчү жарандардын ыңгайлуулугу үчүн шарттарды жакшыртууну жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатууну тапшырды. Мындан тышкары, тейлөө борборлорунун жетекчилигине жеке кабинеттерди «open space» (ачык типтеги кеңсе) форматында долбоорлоо тапшырылды, натыйжада кызматкерлердин кардарлар менен иш алып баруусун көрүп турууга жана ар кандай кырдаалга карата ыкчам жооп кайтарууга мүмкүндүк түзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

232