7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Матраимовду иликтөө кимдин буйругу болгон? Журналист Элнура Алканова ачык айтты

287

Журналист Элнура Алканова «Азаттык» Матраимовду эмне үчүн иликтеп баштагандыгын айтып берди. Ал «7-каналдын» «Актуалдуу» берүүсүндөгү түз эфирде ачыктады.

Анын айтымында, «Азаттык» маалымат булагы Бажы кызматын Матраимов үчүн гана иликтөөгө алган.

«Мен Маираимовду башынан бери эле колдоп келген эмесмин. Эсиңерде болсо, 2017-жылы Бажы кызматындагы киреше-чыгаша, ири экспорт базары деген теманын алкагында изилдеп, иштеп баштаганбыз. Бирок, Азаттыктын жетекчиси «Матраимовду алгыла, анын мүлкүн көрсөткүлө, даректерин берем, иликтөөнүн чокусуна Матраимовдун фамилиясын коёбуз» деген. Бирок биз Матраимовдун кайсыл жерден конкреттүү уурдагандыгы тууралуу конкреттүү факт таба алган эмеспиз. Биз бир эле кишиге асылып кетпейбиз, себеби колубузда бир окуя, факт болушу керек. Ошондо гана биз бул киши мындай кылды деп айтабыз. Андан соң бир гана Оштогу особняк үйүн факт катары алып үйлөрүн көргөзгөнбүз. Бирок, бул мага жаккан эмес, себеби иликтөөчү журналистикада так даана табылган фактылар табылса ошондо кайсы бир аткаминердин фамилиясын алып, ошого айып коёбуз. Бирок колуңда кейс жок болгондо бирөөнүн фамилиясын кошо албайбыз», — дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

288