7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КРге мыйзамсыз ташылып келе жаткан 2 млн 411 миң сомдук мандарин, кийим табылды

248

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 2 млн 411 миң сомдук жүк табылды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүк Баткен облусунан кармалып, товар жүктөлгөн “Mersedes-Benz Sprinter ” үлгүсүндөгү автотранспортту У.А.Д, аттуу жаран башкарып келе жаткан.

Жүк ташуучу унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан “мандарин” жана спорт кийимдери табылган. Кармалган товарлардын жалпы наркы 2411480 сомду түзөт.


Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

249