7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«КР Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизилди

519

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” КР конституциялык мыйзамына кол койду, аталган конституциялык мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 28-сентябрында кабыл алынган.

Конституциялык мыйзам менен КР Конституциялык сотуна Кыргыз Республикасынын Жогорку соту сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктар берилет, 521-берене менен толуктоо каралат, ага ылайык Конституциялык сот өзүнүн чечимин КР президентинин сунушу боюнча же Конституциялык соттун төрагасынын сунушу боюнча төмөнкү учурларда кайра карашы мүмкүн, эгерде:

– чечим кабыл алууга негиз болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;

– чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

– чечим Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Конституциялык сот мурда кабыл алынган актты кайра кароо жөнүндө чечим кабыл алат, анда ал акт өзгөртүлөт же жокко чыгарат.

Конституциялык соттун чечимин кайра кароо жөнүндө маселени кароонун тартиби Конституциялык соттун Регламенти менен аныкталат.

Аталган конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

520