7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңеште бир катар токтом долбоорлор каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү

274

Бүгүн, 24-февралдагы парламент жыйынында Жогорку Кеңештин бир катар токтомдорунун долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынын сунушунун негизинде “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы “Вертекс Голд Компани” Жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугун сактоо жана алардын экологияга тийгизген таасирин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.

Жыйынтыгында комиссиянын курамына төмөндөгү депутаттар киргизилди:

  1. Альфия Самигуллина (КСДП);
  2. Нодирбек Каримов (КСДП);
  3. Чынара Урумкалиева (КСДП);
  4. Максат Эгембердиев (КСДП);
  5. Тариель Жоробеков («Республика-Ата-Журт»);
  6. Сагындык Келдибеков («Республика-Ата-Журт»);
  7. Арзыбек Карыбеков («Республика-Ата-Журт»);
  8. Азизбек Турсунбаев («Кыргызстан»);
  9. Байгазы Кенжебаев («Кыргызстан»);
  10. Осмон Турдумамбетов («Өнүгүү-Прогресс»);
  11. Эрмамат Тагаев («Бир-Бол»);
  12. Сайдулла Нышанов («Ата-Мекен»).

Ошондой эле “Кумтөр” алтын кенинин  иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, “Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-февралындагы № 4405-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды. Токтомго ылайык, комиссиянын төрагалыгына депутат Акылбек Жапаровдун, ал эми орун басарлыгына депутат Умбеталы Кыдыралиевдин талапкерлиги сунушталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

275