Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылынын тургуну биздин редакцияга кайрылып, «Акмаанай» бала бакчасындагы мыйзамсыз иш-аракеттерди айтып берди.
Анын айтымында, бала бакчанын жетекчиси табелге 10го жакын өзүнүн туугандарын жаздырып, бирок алардын бири дагы бала бакчага келип иштеп көргөн эмес. Алардын ишин башка кызматкерлер аткарып келишет.
«Мен Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айыл өкмөтүнүн «Акмаанай» бала бакчасында иштейм. Биздин бакчада балдардын тамактары өтө начар жана порциясы аз. Айтсаң уруш угасын. Айлыктарыбызды өзү каалагандай азайтып, табелге биз билбеген, бир дагы жолу бакчага аттап келбеген кызматкерлер (өзүнүн туугандары) бар, айтсаң «чыдасаң иште!», — деп айтат. Өзгөн районунун бухгалтериясы менен сүйлөшүп алышкан, ушул маселени карап берсеңиздер жакшы болот эле. Тамактарынан эт көрбөйсүң, билген тамагы макарон, перловка. Эртең мененки кашага ашып көп болсо 2,5 литр сут куюлат. Мындай көрүнүш Өзгөн районундагы «Айдай Нур», «Ак Бүчүр», «Асылмырза», «Келечек», «ДаниярНур», «Кызыл Тоо», «Айдан +», «Акмаанай», «Жаныбек Ата» бала бакчаларында бар. Бул жакта иштеген кыздар үй жумуштарына чейин барып кылышат», — деп жазылат биздин редакцияга келип түшкөн билдирүүдө.