«Садыр Жапаровдун иш сапары өтө маанилүү», — дейт Россиянын президенти Владимир Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков.
Анын айтымында, президенттин күнүнүн экинчи бөлүгү Россия-Кыргызстан мамилелерин бекемдөөгө мерчемделген. Эки өлкөнүн президенттеринин сүлөшүүлөрү жүрөт.
«Кыргызстан — биздин союздаш, стратегиялык өнөктөш», — деп кошумчалады Песков.
Эске сала кетсек, алгачкы чет элдик иш сапарын Россиядан баштап, Москва шаарына барып конду.