7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто лифт кулап, 3 баланын атасы каза болду

672

Ош шаарында лифт аварияга учурап, бир адам каза болду. Бул тууралуу 7-каналга Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-октябрь күнү милицияга Ош шаарында жаңы салынып бүткөн көп кабаттуу үйдүн лифти катуу төмөн карай түшүп, ичинде бир адам калып калгандыгын билдиришкен.

Аталган үйдүн жер төлөсүндөгү лифт түшкөн жеринде азият улутундагы жашы болжол менен 35-40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Жансыз дене Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын 1984-жылкы тургуну экендиги аныкталган. Ал 2 айдан бери 370-үйдүн лифттин оңдоп, иштеп жүргөн.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалган. Каза болгон адам 3 баланын атасы. Ош шаарынын К.Датка көчөсүнүн 370-үйүн курган компания менен келишимдин негизинде лифт оңдоочу болуп иштеп жүргөн.

Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

673