7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов Түркия Республикасынын Элчиси Женгиз Фыратты кабыл алды

354

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Женгиз Фыратты анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы Элчиге өлкөдөгү жемиштүү иши, ошондой эле Түркия Өкмөтүнө коронавирус инфекциясына каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда тараптар соода, тоо-кен өндүрүшү, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкка тийиштүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында өтүүчү Кыргыз-Түрк соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кеңешин жана бизнес-форумду өткөрүү боюнча  маселелерди талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы элчини өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

355