Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында экономкалык-социалдык маселелер көтөрүлдү.
Депутат Жанар Акаев былтыркы жылдын алты айында эле 150 миңден ашуун жаран насыя алганына токтолуп: «Экономикалык каатчылыкка байланыштуу насыяларын төлөй албагандар бардык жактарга кайрылып жатышат. Алардын негизги эле суранычы пайыздык жеңилдик берүү. Өкмөт жана Улуттук банк буга тыкыр көзөмөл кылып, кыш мезгилине карата жеңилдиктерди берүүнү карап чыгышы керек» — деген сунушун ортого салды.