7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Райондордун акимдери жана орун басарлары аттестациядан өтүшөт

469

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо алдындагы программасын ишке ашыруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жаңы мамлекеттик кадрдык саясат жөнүндө” Жарлыгына ылайык башкаруу органдарындагы кадр тандоонун жана жайгаштыруунун сапатын жакшыртуу колго алынууда.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка дайындоодо биринчи кезекте региондордогу жетекчилер менен адистердин кесипкөйлүгүнө жана адеп-ахлахтык сапаттарына талап күчөтүлөт жана кадрдын жериндеги аткарган ишине өзгөчө маани берилет.

2021-жылдын март айында райондук мамлекеттик администрациялардын акимдери жана орун басарлары аттестациялоодон өткөрүлөт.

Аттестация өткөрүү боюнча компетенттүү комиссия түзүлүп, ал комиссияга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн аппараттарынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Мамлекеттик кадр кызматынын, эксперттик жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадыр-барктуу ардагерлери киргизилди.

Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан аттестация  өткөрүүнүн графиги жана аттестациядан өтө турган кызматчылардын тизмеси такталды.

Аттестация үч этаптан өткөрүлөт:

Биринчи этапта КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан берилген мүнөздөмөнүн негизинде акимдердин жана орун басарлардын кызмат орунундагы жалпы ишмердүүлүгү талданат.

Экинчи этапта негизги мыйзам актыларын билүү жана өзүнүн кызмат ордуна тиешелүү сапаттарын аныктоо боюнча компьютердик тестирлөө жүргүзүлөт.

Үчүнчү, жыйынтыктоочу этапта комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ар бир кызматчы менен аңгемелешүү  жүргүзүлөт.

Аттестациянын жыйынтыгы менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин кесипкөйлүгү жана жеке талаптарынын негизинде:

  1. Ээлеген кызмат ордуна ылайыктуу келет, кызматтан көтөрүүлүгө сунушталат;
  2. Ээлеген кызмат ордуна ылайыктуу;
  3. Ээлеген кызмат ордунуна – ылайык келбейт деген чечим кабыл алынат.

Коюлган  талаптарга туура келбеген кадрларды кызматтан бошотуу сунушталат. Ал эми аттестацияны ийгиликтүү тапшыргандар мындан ары да өздөрүнүн ишмердүүлүктөрүн уланта бериши боюнча сунуш киргизилет. Жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен кадрлар карьералык тепкичтен өсүү үчүн кадрлар резервине киргизилет.

Аттестациянын жыйынтыктары Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан чыгарылып,  КР Өкмөтүнө жөнөтүлөт. Аттестациянын жыйынтыгы менен киргизилген сунуштун негизинде КР Өкмөтү тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынат.

Аттестациянын жүрүшүн коомчулукка өз убагында жеткирип туруу үчүн массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири чагылдырылат.

Келечекте аким жана алардын орун басарлары кызмат орундарына  дайындоо үчүн аттестация менен биргеликте кадрдык резервди түзүү боюнча конкурс жүргүзүлөт.

Конкурсту Улуттук кадрлар резервин түзүү боюнча комиссия жүргүзөт.

Конкурска аким жана анын орун басарлары бош кызмат орундарына  талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган Кыргызстанда жана чет мамлекетте жашаган бардык жарандар катыша алышат.

Конкурс бул жерде да үч этаптан жүргүзүлөт:

Биринчи этап – талапкердин эмгек стажы жана тармак боюнча квалификациялык талаптын туура келиши боюнча документтерди карап чыгуу;

Экинчи этап – компьютердик тестирлөө

Үчүнчү этап – Улуттук кадрлар резервин түзүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү өткөрүү.

Келечекте акимди жана алардын орун басарларын кызмат орундарына дайындоо ушул кадрлар резервинен гана тандалат, кызматка кесипкөй кадрлардын келишине жол ачылат.

Түзүлгөн кадрдык резервдин курамы коомчулукка маалымдоо үчүн Мамлекеттик кадр кызматынын веб-сайтына жайгаштырылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

470