Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери наркы 10 миллион 601 миң 790 сомдук декларацияланбаган товарды кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик Бажы кызматынын пресс-катчысы маалымдады.
Маалыматка ылайык, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери “Кызыл-Бел” өткөрмө пунктунда Республика Пакистандан келе жаткан товарга тыкыр кароо жүргүзгөн учурда бажылык жактан декларацияланбаган аялдардын жана эркектердин кийимдеринин түрлөрүн табышкан.

Кармалган товардын наркы 10 миллион 601 миң 790 сомду түзөт.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.