7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад прокуратурасы мамлекеттик бюджетке 4 миллион сом кайтарды

446

Жалал-Абад прокуратурасы мамлекттик бюджетке 4 миллион сом кайтарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жургүзүлгөн текшерүүдө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин талаптары бузулгандыгы аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 28-ст. 4-б. ылайык айыл чарбасынын жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, укугун ырастоочу документтерди бергенге чейин жер казынасын пайдалануучу тарабынан жүргүзүлөт.

Бирок, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалы тарабынан 2016-жылы айыл чарба өндүрүштөрүнүн жоготууларынын ордун толтурбастан ЖЧКнын бирине 35 га жер тилкесине убактылуу пайдаланууга күбөлүк берилгендигинин натыйжасында мамлекетке 2 млн. 879 миң 980 сомдук зыян келтирилген.

Мындан сырткары, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалы тарабынан 2017-жылы айыл чарба өндүрүштөрүнүн жоготууларынын орду толтурулбастан кайрадан эле башка ЖЧКга 26,17 га жер тилкесине убактылуу пайдаланууга күбөлүк берилип мамлекетке 1 млн. 414 миң 382 сомдук зыян келтирилген.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан 2020-жылдын 25-февралында мамлекетке келтирилген 4 млн. 294 миң 362 сомдук зыянды өндүрүү максатында сотко доо арыз келтирилген. Соттук кароонун жыйынтыгы менен келтирилген доо арыз толугу менен канааттандырылган.

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жогорудагы фактылар 2021-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын ЖКнын 320-бер. (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

447