7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскердик кагылышуу болуп жаткан Израилде 56га жакын кыргызстандык бар

691

Кыргызстандын Израиль мамлекетиндеги элчилиги (резиденциясы Түркиянын Анкара шаарында жайгашкан) Израил мамлекетинин аймагында кырдаалдын курчушунун натыйжасында жабыр тарткандардын арасында КРнын жарандарынын жок экендиги жөнүндө маалымдайт.

Маалыматка караганда, Израилдин ар кайсы аймактарында 56га жакын Кыргызстандын жараны бар. Элчилик Израилде жашаган мекендештер, ошондой эле Израил мамлекетинин Герцлия шаарындагы КРнын Ардактуу консулу менен дайыма байланышта.

Социалдык тармактарда Израилдеги мекендештердин топторунун арасында күнү-түнү ыкчам байланыш үчүн элчиликтин жооптуу кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргызстандын Израилдеги Элчиси Р.А.Казакбаевдин байланыштары таратылууда. Мындан тышкары, элчилик Израилдин компетенттүү органдары, Израилдин Анкарадагы элчилиги, ошондой эле Тель-Авивдеги бир катар мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен байланыштарды түздү.

Кыргызстандын Израилдеги элчилиги Израилде жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына коопсуз жайларда болууну жана өлкөнүн аскердик кагылышуу болуп жаткан чек ара аймактарына барбоону сунуштайт.

Зарыл болгон учурда, кошумча ишеним телефондорунун номерлери (күнү-түнү): +90 5456896800 (Элчиликтин номери), +972 533214916 (КРнын Израилдеги Ардактуу консулу).

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

692