7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри менен сүйлөштү

794

Армян тараптын демилгеси менен президенти Садыр Жапаров Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде ушул жылдын 13-октябрында Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Армениянын премьер-министри бир катар жагдайлардан улам КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катыша албай турганын өкүнүч менен билдирди.

Лидерлер туруктуу байланыштарды сактоого жана эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн достук маанайда эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө макулдашты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

795