7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Биздин мамлекетте бийликти узурпациялоо аракеттеринин баары ийгиликсиз аяктайт

292

«Биздин мамлекетте бийликти узурпациялоо аракеттеринин баары ийгиликсиз аяктайт», — дейт Садыр Жапаров «Российская газетага» берген маегинде.

Ал журналисттин: «Садыр Нургожоевич, сиз парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдик толкундоолор менен бийликке келдиңиз. Акыркы жылдары бийликти алмаштыруунун мындай «юридикалык эмес» механизми Кыргызстанда кадимки көнүмүшкө айланды. Президент мырза, эмне үчүн мындай болуп жатат?«, — деген кененирээк токтолуп, төмөнкүчө жооп кайтарган.

— Чындыгында эле, акыркы 30 жылда Кыргызстанда элдик толкундоолор менен бийлик үч жолу алмашты. Биздин мамлекет жаш мамлекеттин калыптануу учуруна мүнөздүү болгон оор мезгилди башынан өткөрүп жатат. Бардык өлкөлөр ушул сыяктуу тарыхый сыноолордон өтүшөт, башка өзгөчө учурлар дээрлик жокко эсе.

Биз эми ушул мезгилден мамлекетибизди татыктуу алып чыгып, бирдиктүү эл катары учурду башыбыздан өткөрүшүбүз керек. Бизде көп учурда кайсы бир топтун же бир адамдын саясий же болбосо каржылык кызыкчылыктары элдин жалпы кызыкчылыгынан жогору турарын жашыра албайм. Коомдун өнүгүшү менен жарандарыбыз акырындап элдин биримдиги менен бөлүнбөстүгү, жалпы кызыкчылыктын жеке кызыкчылыктардан маанилүү экенин түшүнө башташты. Бул оңой жол эмес, бирок биз сөзсүз ушундай жалпы аң-сезимге жетебиз. Хадистердин биринде: «Билип койгула, маңдайыңа эмне жазылса ошону көрөсүң, эгерде маңдайыңа жазылбаса ал нерсе болбойт. Сабырсыз жеңиш жок экендигин, жоготуусуз табылга, кыйынчылыксыз жеңилдик болбостугун билип койгула» деп айтылган. Келечекте эмне болорун мен алдын ала биле албайм. Мен бир гана нерсени — көздөгөн максатына жете билген, эрки бекем, сабырдуу элибиз кандай гана сыноо болбосун жеңип чыгарын жакшы билем.

Ошол эле маалда Кыргызстандагы саясий окуялардын өзгөчөлүктөрүн экинчи жагынан карап көрсөк, өлкөнүн мурунку лидерлери элге бийлик алмашуусунун юридикалык механизмине мүмкүнчүлүк бербегенин көрөбүз: шайлоону терең бурмалоо, саясий куугунтук, коррупция, кландар. Ошентип эл мындай абийирсиз бийликти күч менен кулатууга аргасыз болушкан. Албетте, мен муну бийликти алмаштыруунун жакшы жолу деп айтпас элем, бирок мындай кырдаалдарда элде бийликтин иш-аракеттерине нааразычылыгын билдирүүнүн башка жолу болбойт.

Мен Кыргызстандын эли өтө жигердүү жана мобилдүү эл экенин кошумчалай кетейин. Жаратылышынан эле ар дайым көчүп-конуп жүргөн, көптөгөн уруулардан куралган, эркиндикти сүйгөн элбиз. Андыктан, биздин мамлекетте бийликти узурпациялоо аракеттеринин баары ийгиликсиз аяктайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

293