7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиялык оппозициянын лидери Алексей Навальный тергөө абагынан колонияга которулду

319

Орусиялык оппозициянын лидери Алексей Навальный «Матросская тишина» деп таанылган Москвадагы 1-тергөө абагынан колонияга которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Вадим Кобзев маалымдады.

«Навальныйдын кайда которулганы, баш коргоо чарасы боюнча маалымат берилген жок», — деп билдирди Навальныйдын дагы бир адвокаты Ольга Михайлова.

Вадим Кобзев Навальныйды «көздөгөн» жерине жеткирүү «бир нече жуманы» алышы мүмкүн экенин, антсе да колонияга барганда туугандарына жүргөн жери жөнүндө кабарлоого мүмкүнчүлүк берилиши керектигин «Ачык Медиа» басылмасына билдирген. Ошол эле учурда ал тергөө абагынан мындай шашылыш түрдө чыгаруу тажрыйбаны бузарын айтат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

320