Бүгүн, 17-октябрда ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө катталууга мамлекеттик документтер менен тастыкталган орто жалпы же орто кесиптик билими бар жана ушул 2023-2024-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдар киргизилет.
Эскерте кетсек, ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу контракттык бөлүмдөр үчүн жүргүзүлөт.