Кутмандуу таң, окурманым! Иш күнүңүздөр ийгиликтүү өтсүн! Аба ырайы менен таанышып алыңыздар.
Бүгүн, 19-октябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндуз 14…19 градус жылыйт.
Ал эми, Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 18…20 градус жылуу болот.