Исфана күйүүчү май жок бир топ бекеттер жабык турат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жергиликтүү тургундар билдиришкен.
Алардын маалыматында, «Газпром» ишканасыныкынан башка автозаправкалар иштебей жатат.
Бензин баасы 44-45 сомго чейин жетип, автоунаалардын узун кезеги түзүлдү.
«Ошол эле учурда күнүгө Тажикстанга 20-25 бензовоз өтүп жатат. Контрабанда качан токтойт? Аны токтотуп, чек арадагы райондорду күйүүчү май менен камсыз кылышсын», — дейт шаар тургундары.