7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суунун жаштары муктаж тургундарга үчүнчү үйдү бүткөрүп беришти

403

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жаштар биримдиги тарабынан айылдын муктаж тургундарына жардам иретинде үчүнчү үйдү бүтүрүлүп ээсине тапшырылды.

Бул саамалык айылдын жооптуу имамы Темирлан Токоев жана жаштар тарабынан демилгеленип, ага 21 жаштан 43 жашка чейинки жаштар, ошондой эле Орусияда эмгектенип жүргөн айылдын жаштары өз салымдарын кошушкан. Ал эми үйдү толугу менен бүтүрүп тапшырууну эки муундун өкүлдөрү 1988-жылы жана 1995-жылы туулган жигиттер жоопкерчиликке алып, беш ай аралыгында бүтүрүп, айыл өкмөттүн орун басары, имамдардын жана аксакалдардын катышуусунда өз ээсине тапшырышты.

Аталган үй 3 бөлмөлүү болуп, бардык заманбап шарттары менен камсыздалган. Үйдүн курулушуна жалпысынан 1 350 000 (бир миллион үч жүз элүү миң) сом сарпталып, анын 890 000 сом накталай акча түрүндө, 150 000 сом курулуш материал иретинде жана 300 000 сом жумушчу күч иретинде айылдын жаштары тарабынан ашар жолу менен аткарылган.

Аталган саамалыктын үлгүлү иш экендигин айткан райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров төмөнкүлөрдү атап өттү:

«Куран аяттарында жана куттуу хадистерде жакшылыктын сообу бир гана жакшылык экендиги айтылат. Албетте мындай ишти колго алуу оор нерсе. Ага карабастан айыл жаштары бул үлгүлүү ишти колго алып, жүрөк кубанычына себепкер болууда. Албетте жакшылык кылып, Жараткандан жардам күтүү керек. Алгач демилгечи жооптуу имам Темирлан ажы Токоевге жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

404