7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бегайым Бейшеналы кызы Бүткүл дүйнөлүк оюндарда алтын медаль утту

528

Казак күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Бегайым Бейшеналы кызы Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 60 кг чейинки салмакта катышкан. Ал финалдык беттеште грузиялык балбанды жеңип, 1-орунду ээледи.

Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк оюндары 20-октябрь күнү башталган. Жалпы 15 спорттун түрүнөн мелдештер өтүп жатат. Кыргызстандын улуттук курама командасы карате, самбо, джиу-джитсу, грепллинг, казак күрөшү, “Алыш” белбоо күрөшү жана кикбоксинг боюнча катышууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

529