7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аэропорттон ири салмактагы апийим сабагын алып бараткандар кармалды

374

Апийим сабагы түрүндөгү баңгизатын мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюлганын УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу туруктуу контрабандалык баңгизаттарды ташып келүү иштери аныкталып, жок кылынды. Кыргызстандын жарандарынын ичинен жеке ишкерлер мыйзамсыз материалдык байлыктарды алуу максатында жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн өлкөгө баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүүнүн туруктуу схемасын уюштурушкан.

УКМК тарабынан “Манас” аэропортунун бажысы менен биргеликте жалпы салмагы 24 тонна 350 кг кондитердик апийим түрүндөгү жүк, анын ичинде болжол менен 7-8 тонна көкнар (апийим сабагы) аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Жогорудагы фактылардын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси («КР бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнүн өзгөчө эрежелери белгиленген буюмдарды контрабандалык жол менен алып өтүү») боюнча КР 2 жараны жана коңшу өлкөнүн бир жараны кармалды.

Алынган баңгизаттар тиешелүү органдарга экспертиза жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

375