7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен облустук музыкалык-драма театрынын март айына карата репертуары

740

Баткен облустук музыкалык-драма театрынын март айына карата репертуары менен таанышып алыңыз.

2-март, саат 14:00дө. КРнын эмгек сиңирген артисти Мансур Парпиевдин онлайн чыгармачылык кечеси Салам медиасында түз эфирде.

6-март, саат 18:00дө. «Сагындым жазды» аттуу театралдаштырылган концерт. Апаз Жайнаковдун туулган күнүнө карата анын обондору жаңырат. 5-март. Ак калпак күнүнө акцент берүү телеканалдар жана интернет баракчалар аркылуу.

8-март, саат 16:00дө. Театрдын мырзалары Айымдардын эл аралык күнүнө карата театралдаштырылган майрамдык маанай тартуулайт.

15-март, саат 14:00дө. Кош жылдыздар Каламбек Маккамов жана Парихан Момунованын онлайн чыгармачылык кечеси Салам медиасында түз эфирде.

21-март. Эл аралык Нооруз майрамына карата Нооруздун келип чыгышын баяндаган тасма телеканалдар жана интернет баракчалар аркылуу.

22-27-мартка чейин «Театр жумалыгы» Эл аралык ТЕАТР күнүнө карата атайын жумалык иш чара. Жумалыктын өтүү тартиби өзүнчө жарыяланат.

30-март, саат 14:00дө. Көп кырдуу музыкант Карим Дыйкановдун онлайн чыгармачылык кечеси Салам медиасында түз эфирде. Театрдын директору: Мамажан БердишевКөркөм жетекчиси: Курманбек Ниязбеков

741