7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таштанды челектен табылган ымыркайдын ден-соолугу туруктуу

646

Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков мурда таштанды челектен табылган балага барды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Борбор калаадагы №1 төрөт үйүнүн маалыматы боюнча, баланын абалы туруктуу, ага дарыгерлердин тийиштүү медициналык жардамы берилген.

Район башчысы тарабынан бала үчүн керектүү буюмдар берилди.

Борбор калаанын мэриясы жаңы төрөлгөн баланын энеси турмуштук оор кырдаалга кабылып, андан баш тартууга ниеттенген учурда төрөт үйүндө жазуу жүзүндө баш тартуу жаза алаарын, же аны каалаган убакта Бишкек ш., Белорусская көч., 121-үй. дареги боюнча жайгашкан балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна калтыра аларын эскертет.

647