7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: «Улан Узун» каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

709

 

УКМК «Улан Узун» каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.    УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун таасирдүү мүчөлөрүнүн бири, кылмыш чөйрөсүндө «Улан Узун» деген ат менен белгилүү Улан Барчакеевге мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду.

2021-жылдын 1-мартында Барчакеев Бишкек шаарынын аймагынан кармалып, анын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына жеткирилди. УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Барчакеев тарабынан кылмыш иш-аракеттерин жасоо жагдайлары жана анын кылмышка байланыштуу иштери аныкталды.

Улан Барчакеев Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

710