Кечээ, 13-ноябрда “Айчүрөк” соода борборунун администрациясы Анвар Габбазов ЦУМ соода борборунун ээси эместигин айткан. УКМК бул боюнча дагы бир жолу билдирүү жасады.
Бишкек шаарындагы “ЦУМ-Айчүрөк” соода борборунун ээси Габбазов (азыр Маметов) Анвар Илшатовичке карата Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылды. Габбазов Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген.
«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө “ЦУМ Айчүрөк” ААКсынын негизги уюштуруучулары 2 юридикалык жак экендиги аныкталган. «Айчүрөк” ААКсынын негиздөөчүлөрү — “ЦУМ Холдинг” ААКсы (44% үлүш) жана “Башкы Универсал Дүкөн” ААК (47% үлүш), уставдык капиталдын 8% үлүшү жеке адамдарга таандык. Ошол эле учурда ЦУМ “Айчүрөк” соода жайларын жана кызматтык жайларды ижарага берүү боюнча негизги ишмердүүлүгү аффилияцияланган жана атайын компания “Сити Центр” ЖЧКсы аркылуу ишке ашырылат, анын жалгыз негиздөөчүсү Габбазовдун эжеси Хадия Илшатовна Маметова болуп саналат. Андан тышкары, “Башкы Универсал Дүкөн” ААКнын жалгыз негиздөөчүсү Габбазовдун апасы Маметова Анашхан Хашимахунова болуп саналат. Ошондой эле, алынган маалыматтар боюнча, “Башкы Универсал Дүкөн” ААКнын директору — Мухтаров Нурмамет Равкатович А.Габбазов жана анын бир тууганы Ришат Илшатович Габбазовдун Бишкек шаарындагы үйдө катталган. Ошентип, “ЦУМ Айчүрөк” ААКсынын чыныгы ээси Габбазов (азыркы Маметов) Анвар Илшатовичболуп саналат, ал аталган мүлктү өзүнүн аффилияцияланган адамдарына, анын ичинде жакын туугандарына каттаткан», — деп берилет маалыматта.