Тескөөчү-кинолог Эрмек Жумамудунов Ора аттуу кызматтык ити менен бирге Аламүдүн районунда жоголгон 7 жаштагы кызды тапты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-октябрда болжол менен саат 23:00дө «102» кызматына Маевка айылында 7 жаштагы кыз жоголгондугу жөнүндө маалымат келип түшкөн. Кызды издөөгө ыкчам-тергөө тобу тартылган.
Билдирүү боюнча окуя болгон жерге ИИМдин БМЖКККнын Кинология борборунун тескөөчү-кинологу Эрмек Джумамудунов жыт аркылуу адамдарды издеген “Ора” аттуу кызматтык ити менен келген. Бир нече тилкени тинтиген ит кинологду жолдун жээгиндеги бадалдардын жанына алып келген. Ал жерде тоңуп, коркуп отурган жогорудагы кыз табылган.
Белгилеп кетүү керек, жоголгон кызды ит тапкан. Кызматтык ит кыздын кийиминдеги жыт аркылуу изине түшкөн. Табылган кыз туугандарына өткөрүлүп берилди.