7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ак-Тилек» бекетинде 500 унаа кезекте турат

531

Бүгүн, 20-ноябрь саат 11:00гө карата кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Тилек — автожол” бекетинде унаалардын топтолуусу байкалууда.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, «Ак-Тилек» постунун алдында 500гө жакын унаа кезекте турат. Белгиленгендей, өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 280 унаа өткөн.

“Жүк ташуучу унаалардын топтолушу Кыргызстандан башка өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоонун сезондук өсүшү менен байланыштуу болууда. Жаныбарлар жана тез бузулуучу азык-түлүк менен өткөн транспорт каражаттары өткөрүү жайынан кезеги жок өткөрүлөт. Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы тарабынан да, Казакстандын УКК Чек ара кызматы тарабынан да жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөөлөр жок. Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайлардын бардыгы штаттык режимде иштеп жатат»,- деп берилет маалыматта.

 

 

 

532