Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкектеги жол тыгынын азайтуу боюнча шаардын мэрине тапшырма бергенин билдирди.
“Шаардын мэрине да айттык. Шаардагы эң көйгөйлүү, зарыл чечиле турган маселе — унаа тыгыны. Тыгынды тез арада жоюу иш-аракеттерин тез арада көрүшү керек. Ушул боюнча иш алып барсаңар”,- деди ал.