Өлкөдө 23.11.23 сандарын камтыган өзгөчө датада 193 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.
Бишкек шаарында жалпы 37 түгөй мамилелерин мыйзамдаштырган, анын ичинде 21 салтанат Бакыт үйүндө өткөн. Ош шаарындагы Бакыт үйүндө 5 салтанат өттү.