УКМК уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча активдүү иш алып барууда.
Мурда маалымдалгандай, 23-сентябрда ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды, ошондой эле баңги заттарын мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ноокат районундагы Герей-Шорон айылынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарынын «положенеци» деп аталган 1980-жылы туулган Гүлжигит Малабаев кармалды. Ал 2019-жылдан бери К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын каттоосунда турган. Бүгүнкү күндө Малабаев кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Ушул жылдын октябрь айынын башында төмөндөгү адамдарга карата ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жана кылмыштуу топторго катыштыгы бар экендигинен баш тартуулары боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү:
1. 1964-жылкы Ажибаев Ильяскожо Рахманбердиевич, Лейлек районунун Миң-Жыгач а/а Тогузбулак айылында туулган, улуту кыргыз, «Хасан ата жана прокурор» деген ат менен белгилүү;
2. 1967-жылкы Абдырахманов Равшанбек Орозбаевич, Баткен шаарынын тургуну, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, 2013-жылдан бери К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары Баткен ОИИБнын ыкчам каттоосунда турган. «Равшан тентек» деген ат менен белгилүү;
3. 1973-ж.т., Рахманкулов Асланбек Маматбекович, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, туулуп-өскөн жана улуту, үй-бүлөсү кыргыз, 2015-жылдан бери К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. «Голова» деген каймана ат менен белгилүү;
4. 1983-ж.т., Саидбаев Ильяз Мамединович, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары 2010-жылдан бери Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам каттоосунда турган. «Илюха» каймана аты менен белгилүү.
УКМК кылмыштуу топтордун жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери, анын ичинде ишкердик субъекттеринин жана инвесторлордун ишине мыйзамсыз кийлигишүү фактылары болсо, жарандарды, КРнын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн билдирүүнү өтүнөт.