Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кардифф шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында “Concrete Canvas” компаниясынын башчысы Уилл Кроуфорд менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
“Анда ишкер Уилл Кроуфорд Акылбек Жапаров баштаган кыргыз делегациясына “Concrete Canvas” компаниясынын заводунун ишмердүлүгү менен жеринде тааныштырып, тажрыйбалары менен бөлүштү.
Мында жумшак композиттик бетон баракчалары чыгарылат. Тагыраагы мында чыгарылган материалдар каналдардын, суу сактоочу жайлардын, уулу калдыктарды сактоочу жайлардын, балык өстүрүүчү көлмөлөрдүн алдына төшөлөт. Өзгөчө ирригация тармагыннда колдонуунун натыйжасы жогору” – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мындагы материалдар алдыңкы технологиялардын жардамы менен чыгарылып бардык талаптарга жооп берет. Учурда заводдон чыгарылган материалдар дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетине экспорттолот.
Ишкерлер Кыргызстан менен тыгыз иштешүүгө кызыктар экенин айтып, Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун ачууга даяр экенин билдиришти.
Өз кезегинде Жапаров инвестиция салууга кызыктар болгон ишкерлерге кыргыз бийлиги ар тараптан колдоо көрсөтүүгө жана маселени ыкчам чечүүнү колго алаарын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакын арада Кыргызстандын аймагында “Concrete Canvas” компаниясынын заводун куруу мүмкүнчүлүгүн кароого жетишти.