7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстанда Ташиев менен Ятимов жолугушту. Эмнелер талкууланды?

545

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстадын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу бүгүн Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун ишине оң баа беришти жана калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүүсүнүн сыпаттамасын аяктоо боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

546